Сиздин сулуу болуп турушуӊуз үчүн киви жардам берет
- sherimkulovakasi
- 23 апр. 2020 г.
- 1 мин. чтения

Азыктандыруучу маска :
1 даана кивини аарчып , пюредей абалга келгенче майдалайбыз. 2 чоӊ кашык киви пюресин, 1 чай кашык бал жана 1 чай кашык каймак. Бул масканы бетиӊизге, моюнуӊузга сыйпап 10-15 мүнөткө кармаӊыз. Масканы жылуу суу менен жууп, муздак суу менен чайкаӊыз.
Нымдоочу маска:
2 чоӊ кашык киви пюреси, 1 чай кашык оливка майы жана 2 чай кашык жумшак быштак. Жогорку ингредиенттерди жакшылап аралаштырып, бетиӊизге сыйпап 10 мүнөт кармаӊыз. Жылуу көк чайга демделген , тампон менен жууп салыӊыз. 5 мүнөттөн кийин бетиӊизди 1 кубик муз менен сүртүӊүз.
Жашартуучу маска.
2 чоӊ кашык киви пюресин, 1 чоӊ кашык алма пюресин жана 1 чоӊ кашык кою каймакты (сливки) аралаштырабыз. Бетке сыйпап 20 мүнөт кармайбыз. Жылуу суу менен жууп, кубик муз менен сүртүп же болбосо муздак суу менен жууйбуз . жуугандан кийин беттин өзүнүн кургашын күтөбүз.
Агартуучу маска.
2 чоӊ кашык виви пюресине, 1 чай кашык картошка крахмалын жана ½ чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырабыз. Бетибизге сыйпап 10 мүнөт кармайбыз. Бөлмө температурасындагы суу менен жууп, бетке нымдоочу бет май сыйпайбыз.
Бырышкан тери үчүн маска.
2 чоӊ кашык киви пюресине, 1 даана тооктун белогун, 1/чай кашык оливка майын кошуп аралаштырабыз. Бетиӊизге , моюнуӊузга сыйпап 10-15 мүнөт кармайбыз. Кийин жылуу петрушка кайнатмасы менен же болбосо ромашка чайы менен жууп салыӊыз.
Кивини каалагандай азык менен аралаштырса болот, өзгөчө киви, алма, алмурут пюрелери тери үчүн эӊ эффективдүү таасир берет.
Териӊиздин өӊүн жакшыртам десеӊиз жөн гана кивинин бир бөлүгү менен бетиӊизди сүртүӊүз.
Кивинин ширесин чачтын түптөрүнө сыйпасаӊыз, өстүрүүгө жардам берип, чачка жибектей эффект жана жылтырактык берет.
Сиз кайсы масканы тандайт элеӊиз?
Comentarios