top of page

Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маска

  • sherimkulovakasi
  • 12 апр. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

Көздүн тегерегиндеги бырыштар эрте пайда болгону , маанайыбызды түшүрүп, бизди ойлондуруп баштайт. Бирок, атайыни бырыштар үчүн майлар жана маскалар сизге жардам берет.

1. Оливка майын көпчүлүк көздүн тегерегинде бырыштар үчүн колдонот. Эӊ жөнөкөй ыкма бул көздүн тегерегине коюучу компресс болуп саналат. Жөнөкөй эле вата же болбосо вата дискаларына оливка майын тамчылатып, көздүн тегерегиндеги бырыштарга 10 мүнөт коюу керек. Компресстен кийин көздүн тегерегине, колдун учтары менен массаж жасоо керек. Эгер оливка майына 50гр витамин Е майын куйсаӊыз анда пайдалуу,сиӊимдүү маска болот. Бул масканы күндө жасасаӊыз болот, эгерде күндө жасай турчу болсоӊуз 5 мүнөттөй эле кармаӊыз. Жана дагы бетиӊизди жуубай эле койсоӊуз болот, жөн гана жумшак бет арчы менен сүртүп коюӊуз.

2. Кадимки эле каймак майы дагы бырыштардын кетишине жардам берет. каймак майын жатар алдында сыйпап, бир түнгө калтыруу керек. Бул маска бырыштарды кетирип жана дагы кошумча алардын пайда болуусунан сактайт. Негизи каймак май түзгөн бет май даярдоого болот. 100мл кайнак сууга ромашка жана липа гулдөүн салып(1/2 чоӊ кашыктан) 15 мүнөткө коюу керек. Муздатып, тундуруп 2 чоӊ кашык бул тундурманы 1 чоӊ кашык катуу каймак майга аралаштырыӊыз. 1 чай кашык кастор майын кошсоӊуз болот. Буларды жакшылап аралаштырып бырышты кетирүүчү маска катары колдонуӊуз. Күнүго уктарда сыйпап жатыӊыз. Көздүн үстүнкү сурмаларына жана көздүн бурчтарына.

3. Жана ошондой эле эфирдүү майларды дагы бырышка каршы колдонушат. Мындай майлардын биоактивдүүлүгү жогору болот. Эфирдүү майлар бырыштарга эффективдүү жардам берет, анткени анын молекулалары теринин тереӊ жагына чейин киргенге жөндөмдүү. Компресске шабдалы майын. Миндаль майын дагы колдонсоӊуз болот.

4. Кунжуттун майы дагы бизге эӊ керектүү маскалардын бири. Бул майды жылытып туруп колдонуу керек. Бырыш түшкөн жерлерге сыйпап 1 саатка коюу керек. Кийин жумшак бет аарчы менен алып салсаӊыз болот.


Comentários


bottom of page