top of page

Кызылча жана капуста бырышка каршы азыктарбы?

  • Фото автора: paidaluukeneshkg
    paidaluukeneshkg
  • 5 янв. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

Обновлено: 6 апр. 2020 г.

Кызылча – бул теринин картаюусуна каршы эң керектүү азыктардын бири. Капустанын курамындагы лютеин аттуу зат бырыштар менен күрөшө алат. Эгерде кандайдыр бир жыйынтыкка ээ болууну кааласаңыз күнүнө 57 грамм капуста жеп турушуңуз шарт.

Буурчак өсүмдүктөрү. Соя, буурчак, маш биздин организмде гиалурон кычкылы деп аталган карылыкка каршы заттын иштелип чыгышын шарттайт. Адам төрөлгөндө анын организминде бул кычкыл жетиштүү өлчөмдө болуп, наристелердин терилери жылмакай болот. Жаш өткөн сайын ал азаят. Ошондуктан күнүнө жок дегенде 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуу зарыл.

Үндүктүн эти. Бул этте тери үчүн маанилүү деп саналган карнозин белогу бар. Эгер бетиңизде «каз тамандардын» пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүк этин жеп туруңуз.

Кара өрүк. Бул жемиш организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири болуп саналат. Жаңы үзүлгөнүнөн болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп туруу зарыл.

Шоколад. Какаону пайдаланган соң кандын жүрүшү жакшырат. Ал эми кара шоколаддан көп жесеңиз, ал теринин бирден бир душманы болгон ультра-кызгылт нурлардан сактайт.


Comments


bottom of page