top of page

Пигменттүү тактарды кетиребиз

  • sherimkulovakasi
  • 10 апр. 2020 г.
  • 2 мин. чтения


1-ыкма: жарым стакан петрушканы майдалап туурайбыз. Толтура кайнак суу куюп туруп, бир саатка коюп коюу керек. Муздагычакты тийбөө керек. Муздагандан кийин, чыпкалап, суюктукка бир аз сүт кошуу керек. Бул тундурманы уктар алдында сүртүӊүз.

2-ыкма: жаӊы бадыраӊды терканын майда көзүнөн же блендерден өткөрүп майдалоо керек. Бул масканы бетке сыйпап, 20-25мүнөткө коюш керек. Кийин муздак суу менен жууп салыӊыз. Бир күндө бул масканы 2 жолу кылсаӊыз болот.

3-ыкма: жаӊы грейпфруттун ширеси менен сүртүп туруу керек.

4-ыкма: карагаттын бырышкан мөмөлөрүнөн даярдалган маска, акырындык менен сиздин териӊиздеги тактарды кетирет.

5-ыкма: алдыда айтыла турчу маскага керектүү ингредиенттер: 1 чоӊ кашык быштак, 15 тамчы суутек перекиси, 15 тамчы нашатыр спирти. Бардык ингредиенттерди жакшылап аралаштырып, териге сүртөбүз. Бул масканы 15 мүнөттөн ашык кармоого болбойт. Кийин бетти жылуу суу менен жууп салуу керек.

6-ыкма: ал эми кийинки маска сулуулук үчүн бир аз теринин чымырашына чыдай ала тургандарша сунушталат. Бул горчицанын порошогунан жасалат. Горчица порошогуна жылуу суу куябыз, суюк болгуча. Бул масканы пигменттүү тактар бар жерлерге гана сыйпоо керек. Анткени теринин тагы жок жерлер күйүп калышы ыктымал. Бетиниз чымырап же ысып баштагыча кармап, кийин жылуу суу менен жккп салуу керек. Бул масканы койгондон кийин, сөзсүз түрдө – терини нымдоочу бет май сыйпоо керек.

7-ыкма: 1:10 өлчөмүндө жаӊы лимон ширеси менен сууну аралаштырып, пигменттүү тактар бар жерлерди сүртүү керек. Убакыттын өтүшү менен тактар агарып барып, жоголот.

8-ыкма: кефир менен бетти күндө жууп туруу, пигменттүү тактарды агартып, жоготот.

9-ыкма: чистотелден жасалган лосьон дагы пигменттүү тактардан арылууга жардам берет. 1 чоӊ кашык чистотелди 150гр сууга кайнатып, 1 саатка тундуруу керек. Бул лосьонду колдоно берсеӊиз болот.

10-ыкма: тактарды кетирүүдө косметикалык ылай дагы эффективдүү жардам берет. 1 чоӊ кашык ак косметикалык ылай, 1,5 чай кашык сода жана 0,5 чай кашык талк порошогу. 3% суутек перекисин бир аз кошуу керек. Бул масканы 15-20 мүнөттөн ашык эмес коюу керек. Кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Бет териси кургап кетпеши үчүн бет майын сыйпап коюу керек.

コメント


bottom of page