top of page

Сарымсак менен сүт денсоолук үчүн

  • sherimkulovakasi
  • 7 апр. 2020 г.
  • 1 мин. чтения

Сарымсактуу сүт – жүздөгөн оорулардан сактоочу байыркы дары. Көптөн бери белгилүү болгондой сарымсак бул табигый антибиотик, бир гана жагымсыз жыты үчүн күнүгө колдонгубуз келбейт. Балким, ушул үчүн сарымсакты сүткө салып бышырууну ойлоп табышкан. Жыйынтыгында, эӊ сонун , эӊ пайдалуу, жагымсыз жыты жок дарыны алышкан.

Сарымсак менен сүттүн пайдалуу жактары.

Холестерин көрсөткүчүн азайтат;

Жүрөк-кан тамырлардын иштешин жашыртат;

Бул суусундук боор ооруга дагы пайдалуу, анткени, сарымсактын курамындакөп көлөмдө күкүрт бар. Күкүрт боорду тазалоо касиетке ээ. Суук тийүүнү азайтат жана артрит ооруларында ооруну басат. Сарымсак нерв системасынын иштешин жакшыртат, уйкусуздуктан арылтат. Сарымсактуу сүткө куркума кошсоӊуз, какырыкты чыгаруучу эӊ сонун дары болот. Сарымсактуу сүттү кантип даярдоого болот?

Сүт 500мл;

Сарымсак 10 зубчик;

Кант 2 чай кашык;

Суу 250мл.

Даярдоо: сарымсакты тазалап майдалоо керек. Суу менен сүттү аралаштырып, отко коюп коюӊуз. Кайнагандан кийин, сарымсакты салып отту азайтыӊыз. Аралашманы аралаштырып, кантты кошуп, 10 мүнөт кайнатыӊыз. Бул кайнатманы күнүнө 2 жолу ичиӊиз. Сүт менен сарымсактын пайдалуу жактары көп болгону менен, кээ бир ооруларда колдонбоого туура келет. Кант диабетинде, ичеги карын ооруларында, кан басымдын төмөндөшүндө колдонбоо керек. Жана ошондой эле эмчекте баласы бар аялдар дагы ичпеш керек.

ree

Комментарии


bottom of page