Чычырканак чайы
- sherimkulovakasi
- 28 апр. 2020 г.
- 1 мин. чтения

Чычырканактын курамында пайдалуу С витамини 2 эсе көп, цитрус мөмөлөрүнө караганда. Жана ошондой эле буудай майына караганда, Е витамини чычырканактын курамында 2 эсе көп. Чычырканакта андан башка дагы көп витаминдер бар: териге чыӊ жана жаштык берип туруучу антиоксиданттар, майлуу кислоталар бар.
Чычырканак жана балдан жасалган чай - эӊ сонун антидепрессант. Окумуштуулар далилдеген, а биз болсо тастыктайбыз. Чычырканактын дагы бир касиети суук тийүүгө жакшы жардам берет.
Ингредиенттер:
- 150 гр чычырканак;
- 2 чоӊ кашык кара чай;
- 2 чоӊ кашык бал;
- 500 мл суу.
Даярдоо: чычырканактын мөмөлөрүн жакшы жууп, 2/3 бөлүгүн майдалаӊыз. Чайникке чычырканак майдасын салып, калган мөмөсүн жана чайды үстүнө салыӊыз. Үстүнө кайнак суу куюп ,10-15 мунөткө жылуу кармоо керек. Даяр чайды ситадан өткөрүп , өзүӊүздүн табитиӊизге жараша бал кошуп алсаӊыз болот. Бул суусундукту чай кошпой эле ичсеӊиз болот.
Сизге чычырканак жагабы? Чычырканактан чай жасап ичип көрдүӊүз беле?
Comments