top of page

Тибет медицинасы

  • sherimkulovakasi
  • 8 апр. 2020 г.
  • 2 мин. чтения

ree

Тибет медицинасынын рецепттери – аритмияда, календуланын кайнатмасын ичүү керек. Атеросклероздо – вереска (түбөлүк көгөрүп туруучу өсүмдүктүн бир түрү) кайнатмасын ичиӊиз. Ак кан –оорусунда гречиханын гүлдөрүнүн тундурмасын ичүү керек ( 1 стакан гречиха глн1 1 литр кайнак сууга алуу керек). Бронхитте – гречиха гүлдөрүнөн чай ичүү зарыл ( 40гр й литр кайнак суу).

1. Тибет медицинасы бронх астмасында жардам берет:

Сарымсак 2 баш;

Лимон 5 даана;

Кайнак суу 1 литр.

Лимон менен сарымсакты майдалап, кайнак суу куюп 5 күнгө коебуз. 1 чоӊ кашыктан 3 маал, тамак ичерден 30 мүнөт мурун.

30гр болотный багульник өсүмдүгүнө, 1 литр кайнак суу куюп, күнүнө 5 маал 100мл.дан ичүү керек. Жана ошондой эле сирень гүлдөп жатканда чогултулган сирень жалбырактарынан чай ичүү керек.

2. Ортоӊку кулак сезгенүүсүндө – бир түнгө тампон салуу керек, можжевельникке малынган.

3. Гастритте – чага деген козу карындан чай ичүү керек. Өгөй эне – өз эне жана кырк муун(10 гр.га 200мл суу) өсүмдүгүнөн чай ичүү абзел.

4. Гемморойду дарылоодо. 30гр кырк муун өсүмдүгүнө 100мл спирт тундуруп, 50 тамчыдан 3 маал ичиӊиз. Жана ошондой эле кырк муундун бал менен аралашмасын 2 чоӊ кашыктан ичүү дагы жардам берет. Четиндин мөмөсүнөн бир түнгө компресс коюа жатуу керек.

5. Кан тамырлардын бүтөлүшүндө – бутту парга салып сирень жалбырактары менен тегерете жаап коюу керек.

6. Богок оорусун дарылоодо – спирт менен грек жаӊгагынын тундурмасын 1 чөн кашыктан ичүү керек.

7. Алсыздыкта – зверобойдун тундурмас 100 мл.ден 3маал ичүү керек. 10гр.га 200 мл. суу.

8. Чакалайдан арылууда – сарымсак менен сүртүп, ак кайыӊдын отунунун гүлүнөн жана уйгактын тамырынын ширесинин аралашмасын сүртүү керек.

9. Мозоль болгондо – ийне жалбырактуу бак-дарактардын жана сарымсактын ширеси менен сүртүү абзел.

10. Полиартрит оорусунда – ооруган жерлерди уйгактын жалбырактары менен таӊып жатуу керек.

11. Тибет медицинасы денедеги туздардан арылууда : кайыӊдын кабыгы жана брусниканын жалбырактарынан чай ичүү жардам берет. Ит мурундун тамырынан жасалган тундурма , ак акациянын спирт тундурмасын ичүү керек.

Комментарии


bottom of page