top of page

Куркумадан жасалган маска – сулуулуктун куралы

  • sherimkulovakasi
  • 11 апр. 2020 г.
  • 1 мин. чтения


Белгилүү актриса Тэнди Ньютон куркума бул сулуулуктун эӊ керектүү куралы деп айткан.

Куркуманын пайдалуу жактарынан дагы, эӊ мыкты касиети сулуулукка жардам берүүсү. Индиялык келиндер илгертен эле, куркуманы бетине жана денесине скраб катары колдонуп келишкен. Терини агартуу үчүн сыйпашкан.

Куркуманын курамында көп көлөмдө антиоксидант бар, ал клетканын карып кетишин жайлатат. Ал эксфолиант катары кеӊири колдонулат жана теринин текстурасын жакшыртат. Теринин сезгенүүсүндө , кургап калууда, псориаз жана экземада жардам берет. пигменттүү тактарды азайтып, теринин өӊүн жакшыртат, бырышты азайтат, бетке чыккан ысыкты кетирет.

Куркумадан жасалган маска:

2 чоӊ кашык ун (күрүч унун колонсоӊуз болот);

1 чай кашык куркума;

3 чоӊ кашык сүт; сүттүн ордуна йогуртту колдонсоӊуз болот, эгер сизде ысык бар болсо.

2-3 тамчы бал.

Даярдоо жана колдонуу:

1. Бардык ингредиенттерди аралаштырабыз, паста даяр болгучакты.

2. Ичке кылып бетке сыйпайбыз. 20 мүнөткө коюу керек, кургагычакты.

3. Жылуу суу менен жууп салуу керек.

4. Маска койгондон кийин, бет май сыйпоо керек.

 
 
 

Comments


bottom of page