Кан тамырларды тазалоо үчүн сиз үчүн эӊ сонун ыкмаларды сунуштайбыз
- sherimkulovakasi
- 22 апр. 2020 г.
- 2 мин. чтения

. Артерияны жана кан тамырларды туздардан тазалап, биз аларды ийкемдүүлүккө жана жаш болуп сакталуусуна алып келебиз. Тазалоонун жыйынтыктары кан тамыр ооруларын жана варикоз тамырларын жоготууга, көрүү менен угууну жакшыртууга , баш ооруларын жана склерозду жоготууга жардам берип, инфаркттын алдын алат. Ичеги-карын трактын, өпкөнүн, бронханы , мурун көӊдөйүнүн кээ бир бөлүктөрүнүн абалын жакшртат.
1-рецепт: кургатылган майдаланган ромашка гүлүнөн, кайыӊ бүчүрлөрүнөн, бессмертник жана зверобойдон 120 граммдан алып аралаштыруу керек. 1 чоӊ кашык аралашмага 0,5л кайнак суу куюп 3,5 саатка коебуз. Бул аралашманы тундуруп алып , жарымына 1 кашык бал кошуп, кечинде тамак ичер алдында ичүү керек. Эртеӊ менен калган аралашманы жылытып , бал кошуп, тамак ичер алдында ичүү керек. Бул процедураны чөптөрдүн аралашмасы түгөнгүчө кайталоо керек. Бул процедураны 5 жылда бир кайталоо керек.
2-рецепт: стакан укроп үрөнү менен 2 чоӊ кашык майдаланган валерьянанын тамыры менен аралаштырабыз. Жана ошондой эле 2 стакан бал кошуп аралаштырабыз. 2 литр кайнак суу куюп, термоско сактайбыз. Күнүнө 1чоӊ кашыктан 3 маал, тамак ичер алдында ичүү керек.
3-рецепт: агримония жана киви ширеси кан тамырларды тазалоодо эӊ жакшы жардам берет.
Тромбофлебитте жана варикоз кан тамырлары кеӊейип кеткенде , агримония өсүмдүгүнүн үрөнүн 6 даанадан жеш керек.
4-рецепт: медуница өсүмдүгүнүн кургатылган майдаланганынан 1 чоӊ кашык алып, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куябыз. 40 мүнөт тундурабыз дагы, күнүнө 3 чоӊ кашыктан ичебиз.
5-рецепт: 200 гр мускат жаӊгагын мясорубкадан майдалап өткөрөбүз. Литр сапаттуу арактан куябыз. 2 жума коюп, тундуруп алабыз. 20 тамчы аралашмага 1/3 өлчөмдө суу кошуп ичебиз.
6-рецепт: ит мурундун мөмөсүнөн 5 даанна , чалкандын жалбырагынын 2 бөлүгүн, кара карагаттын жалбырагынан 2 бөлүгүн , бүлдүркөн жалбырагынан 1 бөлүгүн кмайдалап аралаштырабыз
2 чоӊ кашык кургатылган аралашманы 0,5 литр кайнак сууга салып, термоско сактайбыз. 4 саат кармап, чыпкалап алабыз. 1 стакан тундурмага 2 кашык бал кошобуз. 1 күндө 2 стакандан ичебиз.
Comments